Кара-Суу шаарынын мэриясы

Кара-Суу шаарынын мэриясы

Электрондук кабылдама

Урматтуу жарандар!

Электрондук кат аркылуу Кара-Суу шаарынын мэриясынын башчысынын дарегине кайрылган жарандарды кабыл алуу тартиби менен жакшылап таанышып чыгууңуздарды өтүнөбүз.

  1. Төмөндөгүдөй мазмундагы кайрылуулар кабыл алынбайт:
    • Мэриянын компетентүүлүгүнө тиешеси жок маселелер;
    • ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
    • белгиленген тартипте талап кылынган күбөлөндүрүүчү реквизиттердин (кол тамгасы, мөөр ж.б.) болушун талап кылган маселелер;
  2. Жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтү:
    Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келген мөөнөтүнөн тартып, катталган күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.
  3. Кайрылууларга жооп каттар жарандын анкетада көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт. Анкетага такталбаган жана туура эмес маалыматтар киргизилген болсо, кайрылууга жооп берилбейт.
  4. Электрондук түрдө кайрылуу жөнөткөн жарандардын жеке өздүгү тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Мыйзамынын талаптарын кароо менен иштетилет жана сакталат.

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы.

Scroll to Top