Кара-Суу шаарынын тарыхы
Кара-Суу шаары
Кара-Суу шаары Ош облусундагы Кара-Суу районунун административдик борбору болуп саналат. Шаар статусун 1960-жылдары алган. Кара-Суу шаары түштүк жагынан Жоош, чыгыш жагынан Савай айыл өкмөтү, батыш жана түндүк жагынан Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Курган-тепа районунун Кара-Суу шаары менен чектешет. Дениз денгээлинен 780 метр бийиктикте жайгашкан. Кара-Суу шаары Ош аэропортуна 20 км.
Климаты континенттик түзөң бөлүгүндө жайкысын ысык, кышкысын суук. Жылдык жаан чачын 300-500мм. Түзөң бөлүгүндө боз, тоо жагында күрөң топурак басымдуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Административдик аймактык реформадан кийин шаардын жалпы аянты – 10927 га. Кожолуктун саны 9741 болуп, калкынын саны 55710 адамды түзүп, райондун калкынын 12,1 % пайызын түзөт. Анын ичинен эркектер – 49,8 % пайыз; аялдар – 50,2 % пайызды түзөт. Кара-Суу шаары көп улуттуу шаар. Кыргыздар – 50,7 % пайыз; өзбектер – 42,1 % пайыз; башка улуттар – 7,2 % пайызды түзөт. Шаар аймагында билим берүү тармагында жалпы 14 мектеп, 12142 окуучу билим алат. Бала-бакчалардын саны 9, 1775 бала тарбияланат.
Шаарда Ж. Бөкөмбаев атындагы эс алуу багы, Манас стадиону, Ала-Тоо кинотеатры, эки Маданият үйү жайгашкан. Шаардын чыгыш тарабында белгилүү Кара-Суу базары, батышында райондук оорукана, түндүгүндө Кара-Суу темир жол бекети жайгашкан. Кыргызстандагы белгилүү ырчы, саясатчы Ибрагим Жунусов жана ыйык Куранды кыргызчага, өзбекчеге которгон Алауддин Мансур ушул шаарда туулуп өсүшкөн.
Кара-Суу шаары Ош аэропортуна 20 км.
Шаар статусун 1960-жылдары алган.
Шаардын жалпы аянты – 10927 га.
Кожолуктун саны 9741.
Калкынын саны 55710 адамды түзөт.
Райондун калкынын 12,1 % пайызын түзөт.
Кыргыздар – 50,7 % пайыз.
Өзбектер – 42,1 % пайыз.
Башка улуттар – 7,2 % пайызды түзөт.
Жалпы 14 мектеп, анын ичинде 12142 окуучу бар.
Бала-бакчалардын саны 9 анын ичинде 1775 бала бар.
Жакырчылыктын деңгээли 13,6 % пайыз.
Шаарда төрөлгөн балдардын саны 757
Сарайда төрөлгөн балдардын саны 959
АТР кийин төрөлгөн балдардын саны 1716